Свердлов РИИБинин кызматкери эки айга камакка алынды

14-апрелде Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) уюшкан кылмышка каршы кызматынын (УККК) өкүлдөрүнө опузалап пара берди деп шектелип жаткан Свердлов райондук ички иштер башкармалыгын (РИИБ) кызматкери Эркин Мамбеталиевди эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Эркин Мамбеталиевди Биринчи май райондук сотуна алып келишкен кезде ал жакта "колдоо тобу"- Свердлов, Октябрь, Биринчи май РИИБинин 60-70тей кызматкери бар болчу.

Мамбеталиевдин жактоочусу Алия Туранбекова УКМК УКККнын эки кызматкери Султанбеков менен Мадалбековду иликтөө ишин жүргүзүүдөн четтетүү тууралуу өтүнүч менен кайрылды, анткени анын айтымында алардын бири анын жактоочусун, ал эми экинчиси 12-апрелде кармалган Тилек Сарбашевди уруп-сабаган. Жактоочу Мамбеталиевдин денесинде сабалган тактар бар экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, жума күнү 12-апрелде Горький менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде Свердлов РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн эки кызматкерин опузалап пара алып жаткан жерден кармаган учурда милициялар менен аларды кармап жаткан УКМК УКККнын кызматкерлеринин ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында милиция кызматкерлери кармаган кесиптештерин урууга аракет кылган, атайын кызматкерлер асманга бир нече жолу ок чыгарышкан. Шаардык ички иштер башкармалыгы уюшкан кылмышкак каршы кызматтын кызматкерлери сабалбаганын билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД