Дипломаттарды кирешеден түшкөн салыктан бошотууну сунушташты

Кыргызстандагы дипломатиялык мекемелердин кызматкерлерин айлык акысынан алына турган киреше салыгынан бошотуу зарыл. Бул тууралуу бүгүн 15-апрелде эл аралык иштер боюнча комитеттин жыйынында "Республика" фракциясынын депутаты Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Анын айтымында, дипломаттардын айлыгы абдан эле аз. "Анан калса дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин айлык акысынан алынган салык бюджетке түшпөйт",- дейт Баатырбеков. "Бул каражаттар бюджетке түшпөйт, ошондуктан дипломаттардан 10 пайыз салыктан куткаруу жөнүндө Салык кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл", -дейт депутат.

СДПК фракциясынын мүчөсү Галина Скрипкина ар кайсы мамлекеттердин дипломаттарынын эмгек акысын салыштыруу жүргүзүлгөнүн айтты. "Кыргызстандагы дипломаттардын айлык акысы эң төмөн экени белгилүү болду",-дейт эл депутаты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД