Бекназаров "Кумтөр" боюнча келишим бузулбаcа революция болоорун айтат

Парламент "Кумтөр" менен азыркы келишимди бузушу керек, антпегенде революция болот. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде, экс-баш прокурор, учурда коомдук ишмер Азимбек Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, 24-апрелде анын тарапташтары Ак үйдүн алдына "Кумтөр" алтын казып алуучу компаниясынын азыркы иштеп жаткан келишимин бузуу талабы менен митингге чыкмакчы.

"Биз бийликке бул келишимди денонсация кылуу талабы менен кайрылабыз. Эгерде биздин талаптар аткарылбай турган болсо Жогорку Кеңештин иши жөнүндө маселе келип чыгат. Адегенде парламент бул келишимди бузушу зарыл, андан кийин гана сүйлөшүүгө олтуруп, баардык тараптарды кароого тийиш. Эгерде эки тарап консенсуска келсе, андан кийин гана бул кенди мындан ары иштетүү жөнүндө келишим түзүүлөрүнө эч ким каршы эмес", -дейт Бекназаров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД