"Газпром нефть Азияда" айдоочуларды аттестациядан өткөрүү аяктады

Бензовоз жана газовоздордун айдоочулары коркунучтуу жүктөрдү ташуунун эрежелерин, коопсуздук жана эмгекти коргоо, ошондой эле өнөр жай, өрт жана экологиялык коопсуздуктун нормалары менен стандарттарын билүүсүнүн жыл сайын болчу аттестациясында жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү.

"Дал ушул өнөр жай жана экологиялык коопсуздуктун талаптарын билүү айдоочулардын авариясы жок ишин камсыз кылат, биздин кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактайт, ошондой эле бизнестин натыйжалуу өнүгүүсүнө жол ачат. Коомдун алдында коопсуздук нормаларын сактоо жана айлана -чөйрөнү коргоо боюнча толук жоопкерчиликти сезүү менен "Газпром нефть Азия" жыл өткөн сайын тиешелүү бизнес-процесстерди жакшыртып келет", -деп белгилейт башкы директордун техникалык маселелер боюнча орун басары Мурат Сулайманов.

Айдоочуларды мезгилдүү аттестациядан өткөрүү жогорку кесипкөй кадрдык курамды түзүү максатында жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жүрүшүндө "Газпром нефть Азиянын" баардык айдоочулары сынактан ийгиликтүү өтүштү жана иштөөгө уруксат алышты.

Маалымат үчүн

"Газпром нефть Азия" - "Газпром нефтинин" Кыргыз Республикасындагы мунай өндүрүмдөр рыногунда ишмердүүлүгүн 2006-жылдын август айынан бери жүргүзүп келе жаткан сатуучу ишканасы. "Газпром нефть Азия" мунай өндүрүмдөр рыногундагы, ошондой эле суюлтулган газ рыногундагы дүң жана чекене сатуу боюнча ири оператор болуп эсептелет.

Ишкананын башкаруусунда 8 мунай базасы, 110 унаага май куючу комплекс, эки суюлтулган газдын базасы бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД