Салыкчылар биринчи кварталда 9 миллиардга жакын сомду чогултушкан

2013-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын бюджетине 8 млрд 955 млн сом салык түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде, бюджет жана каржы иштери боюнча парламенттик комитеттин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, бюджеттин долбоорунда 9 млрд сомго жакын салык чогултуу алдына ала белгиленген. "Чогулган сумманын 60 млн сомуна жакыны апрелдин башында келип түштү, анткени марттын акыркы күнү эс алуу күнүнө дал келип калды", -дейт Масалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД