ЕврАзЭСтин Кыргызстандагы калдык сактоочу жай тууралуу долбоорун БУУда баалашты

ЕврАзЭСтин Борбор Азия мамлекеттеринин катышуусу менен ишке ашырылган мамлекеттер аралык максаттуу программалары жөнүндө Женевада ЕврАзЭСтин башкы катчысы Таир Мансуровдун БУУнун Башкы катчысынын орун басары- БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы Свен Алкалай менен жолугушуусунун учурунда айтылды.

ЕврАзЭСтин басма сөз кызматы маалымдагандай, сөз "Инновациялык биотехнологиялар" жана " Уран казып алуу өндүрүшүнүн таасирине кабылган ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо" программалары жөнүндө болду. Акыркы программа Кыргызстандагы эки жана Тажикстандагы бир калдык сактоочу жайда атайын түзүлгөн мамлекеттер аралык дирекциянын көзөмөлү астында ишке ашырыла турган рекультивациялык иштерди жүргүзүү жагын карайт.

Тараптар бул долбоорлордун маанисин баса белгилешти жана Борбор Азиядагы суу энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу маселелерин талкуулашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД