Каржы министрлиги биринчи кварталда ИДӨ 7,6 пайызга өскөнүн маалымдады

2013-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандагы Ички дүң өндүрүм (ИДӨ) 7,6 пайызга өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде, бюджет жана каржы боюнча парламенттик комитеттин жыйынында Каржы министри Ольга Лаврова билдирди.

Жыйында депутаттар үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында мамлекеттик бюджеттин аткарылышын, ошондой эле өкмөттүн 2014-2016-жылдар үчүн орточо мөөнөттүү программасын карап жатышат.

Лаврованын айтымында, 2013-жылдын январь айынан март айына чейин керектөө бааларынын индекси 1,1%га жогорулаган. "Бюджетке биринчи кварталда 24 млрд 146 млн сом түштү, бул бюджеттин пландалган долбоорунун 94%ын түзөт. Муну менен катар аталган каражаттар 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1 млрд 21 млн сомго көбөйгөн",- дейт Лаврова.

Министр бюджеттин кирешеси 19 млрд 480 млн сом болгонун белгиледи. Түшкөн салыктын көлөмү министрдин айтымында, пландалган 16 млрд 19 млн сомдун ордуна 15 млрд 377,8 млн сомго барабар болуп, аткаруу 96%га ишке ашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД