МСК: Салык кодексине оңдоо киргизүү түшө турган акчаны 15,7 пайызга азайтты

"Салык кодексине оңдоо киргизгенден улам 2013-жылдын биринчи кварталында кирешеден түшчү салык 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,7 пайызга азайды",- деп билдирди бүгүн 15-апрелде бюджет жана каржы боюнча парламенттик комитеттин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын (МКС) башчысы Исхак Масалиев.

Анын айтымында, бюджеттин долбоорунда кирешеден түшкөн салыктын суммасы 2013-жылдын 1-кварталында 1 млрд 320 млн сомду түзгөн. "Иш жүзүндөгү салык 1 млрд 443 млн сомго барабар болду. Бирок бул сумма 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 268 млн сомго же болбосо 15,7 пайызга аз. Салыктын түшпөй калышынын себептери алтын казып алуучу компаниялардын салыктын аталган түрүнөн бошотулушу, ошондой эле айыл чарба жана кайра иштетүүчү ишканаларынын үч жылга салык төлөбөй калышы болду. Мындан тышкары кирешеден тушкөн салыктын азайышына 1 пайыз өлчөмүндө кирешеге алдына ала төлөнө турган салык да себеп болду. Салыкты жашыргандардын көбү эми таптакыр төлөбөй калышты",- дейт Масалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД