Бажыдан бюджетке түшчү төлөмдөр бир жылда 797 миллион сомго көбөйдү

Кыргызстандын бюджетине 2013-жылдын 1-кварталында түшкөн бажы төлөмдөрү 6 млрд 759,6 млн сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн 15-апрелде бюджет жана каржы боюнча парламенттик комитеттин жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов маалымдады.

Анын айтымында, көрсөтүлгөн сумманын ичинде салык жыйымдары 6 млрд 757,6 млн сомду түздү, бул алдына ала эсептөөдөн 612 млн сомго аз. "2012-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төлөмдөр 797 млн сомго көбөйдү, өсүү ыргагы 113,4%ды камсыздады. Салыктан тышкаркы кирешелер 2 млн сомго барабар болду, бул 2012-жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1,2 млн сомго төмөн",- дейт Кулматов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД