Апрель окуясы боюнча сот кезектеги жолу кийинкиге жылдырылды

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча сот процесси кезектеги жолу эки апта кийинкиге жылдырылды. Бул соттолуп жаткандардын бири- Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун химиотерапия курсун алып жана соттук отурумга келе албаганына байланыштуу болду.

Бул жаңылык күтүүсүз болгон жок- Суталиновдун дарылануу графиги буга чейин эле сотко медиктер тарабынан сунушталган жана иш боюнча тараптар менен макулдашылган. Бирок жабырлануучулардын өкүлү Осунбек Жамансариев процесстин кайрадан токтотулушун "маанилүү деле себеп жок",- деп эсептөө менен нааразылыгын билдирди. Судья Дамир Онолбековго бир нече жолу мындай чечимдин мыйзамдуу экенин түшүндүргөнгө туура келди.

Азыр сот жабырлануучулардын көбүн угуп чыккандан кийин жаракат алгандардын иши боюнча суралган 306 кишинин 40ка жакыны сотко келбегени дайын болду. Прокуратура аларды ар кандай себептерге байланыштуу таба алган эмес: кимдир-бирөө өлкөнүн чегинен тышкары чыгып кеткен жана дарегин калтырган эмес, дагы бири туура эмес аты-жөнү менен дарегин көрсөтүп койгон. Бул судьянын нааразылыгын жаратты. "Жабырлануучулар акча жана квартира алышты, ал эми сотко келе алышпайт экен",- дейт Онолбеков жана апрель окуясында жабыр тарткандарды прокуратурага келүүгө жардам берүүгө чакырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД