ТИМ министри АКШнын элчиси Памела Спратлен менен жолугушту

Кечээ, 15-апрелде, Тышкы иштер министри (ТИМ) Эрлан Абдылдаевдин АКШнын элчиси Памела Спратлен менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгы маалымдайт.

Маалыматта айтылгандай, жолугушуу америкалык тараптын өтүнүчү боюнча өттү. Жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-америка кызматташтыгы боюнча актуалдуу маселелерди, анын ичинде ушул жылы болуп өткөн Европа ишкер конгрессинин жыл сайын өтчү эки тараптуу консультациясынын жыйынтыктары боюнча иш-аракеттер планын талкууга алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД