Социалдык өнүгүү министри Кылычбек Султановду кызматтан кетүүгө аргасыз кылышты

Социалдык өнүгүү министри Кылычбек Султановду өз каалоосу менен кызматынан кетүүгө аргасыз кылышты. Бул тууралуу "ВБ"га министрликтеги жеке булактар маалымдады.

Алар министрге арыз жаздыруу анын вице-премьер-министр Камила Талиевага карата айткан сын-пикиринен улам болду деп ынанышууда.

Бирок министрликтин басма сөз кызматы аталган маалыматты тастыктаган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД