Президент ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту

Бүгүн, 16-апрелде, президент Алмазбек Атамбаев Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымат саясат бөлүмү кабарлады.

Анда көрсөтүлгөндөй, Бордюжа президентке Кыргызстанда өткөн ЖККУнун Туруктуу кеңешинин 1 - көчмө кеңешмеси тууралуу маалымат берди. Негизинен кечээ Кант аба базасында өткөн көчмө жыйындын алгачкы күнү тууралуу токтолду.

Жолугушууда ЖККУга Кыргыз Республикасынын төрагалык кылышынын алкагында өтө турган мындан аркы иш-чаралар талкууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД