Аида Салянова эң эле коррупциялашкан ведомостволорду атады

Бүгүн, 16-апрелде коррупция менен күрөшүү боюнча биринчи координациялык кеңешмеде Кыргызстандын башкы прокурору Аида Салянова эң коррупциялашкан ведомстволор тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, талдоо көрсөткөндөй эң эле көп коррупциялык кылмыштар айыл өкмөттөрүндө экени ачыкка чыкты. Мындай фактылар боюнча 253 кылмыш иши козголгон. Ал эми мэрия менен акимиаттар- 121, билим берүү тармагы- 73, ички иштер министрлиги- 69, Мамлекеттик каттоо кызматы - 49, саламаттыкты сактоо тармагы -46, салык кызматы - 40, энергетика -27, транспорт жана байланыш боюнча 26 кылмыш иши козголгон.

"Биздин аракеттер жогорку рангдагы чиновниктер тарабынан жасалган коррупциялык кылмыштарды ачыкка чыгаруу жана табууга багытталган, анын ичинде парламент депутаттары Нариман Түлеев, Нурлан Сулайманов жана Элмурат Обдуновдорго карата кылмыш иштери козголду ",- дейт Салянова.

Ал сотторго карата 15 кылмыш иши козголгонун кошумчалады. Мындан тышкары өткөн жылдын 12 айында прокуратура кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн 11 кылмыш иши козголгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД