Джоомарт Оторбаев Москвада "Кыргызгазды" сатуу шарттарын макулдашты

Башында биринчи вице-премьер-министр Джоомарт Оторбаев турган Кыргызстандын делегациясы эки тараптуу кызматташтыктын түрдүү багыттарына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу "ВБ"га КРнын РФдагы элчилигинен маалымдашат.

РФнын Энергетика министринин орун басары Анатолий Яновский жана "Газпром" ачык акционердик коомунун (ААК) башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Валерий Голубев менен жолугушуунун жүрүшүндө "Газпром" компаниясынын "Кыргызгаз" ААКнын акцияларын сатып алуу шарттары макулдашылды. Ал эми кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы, РФнын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов менен сүйлөшүүлөрдүн маалында бул комиссиянын кезектеги - Москвада ушул жылдын апрель айынын акыркы аптасына пландалган 15-жыйынына даярдык көрүү маселелери талкууга алынды.

Эскерте кетсек, газ маселеси Оторбаевдин 2013-жылдын 18-19-февралында жана 28-29-мартында болгон иш-сапарларынын учурунда дагы талкууланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД