Кызга кол салган такси айдоочусу - экстремисттик кыймылдын жолдоочусубу?

Бир нече жолу өз жүргүнчүлөрүн зордуктоого аракет кылууга шектелген такси айдоочусу, Кыргызстанда тыйуу салынган "Йакын инкар" исламдык диний кыймылынын жолдоочусу болушу мүмкүн, деп булактардын бири VB.KG редакциясына кабарлады.

Анын айткан сөздөрү боюнча, бул шектүү адамды Борбордук мечитте бир нече жолу көргөн жана аны менен маектешкен.

-Ал ислам динин кабыл алгандан кийин өзүн Абсалам деп тааныштырып жана дайыма "Йакын инкар" агымынын жолдоочулары менен чогуу жүрчү. Ошондуктан монахтардын жашоо түрүн тандап алганы байкалчу жана мунусу менен чектен ашып да кетчү. Динге ишенгендер ага - Сен минтип отурсаң "мээңен айнып каласың" – деп эскертишчү. Жыйынтыгында ошондой эле болуп чыкты, - деди ал.

Эске сала кетсек, мурда соцтармактарда видео пайда болуп, анда эки жигит болжол менен зордуктоого аракет кылып жаткан такси айдоочусунан кызды сактап калгандыгы көрсөтүлгөн. Кийин такси айдоочусу кармалып жана Бишкектин СИЗОна жайгаштырылган.

"Йакын инкар" исламдык диний агымы былтыркы жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан экстремисттик деп табылган. Бул агымдын жолдоочулары цивилизациянын баардык жыргалынан, анын ичинен билим алуудан жана медициналык тейлөөдөн баш тартууга үгүттөшөт.

VB.KG редакциясы булактар тарабынан кабарланган мындай маалыматтардын тактыгын аныктабайт, бирок, тергөө тарабынан бул божомолдун да текшерилип чыгышын талап кылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД