ЖКЭ бузгандыгы үчүн штраф салынганын кантип билсе болот?

Үстүбүздөгү жылдын 12-февралынан баштап айдоочулар ЖКЭ бузгандыгы үчүн штраф төлөө жөнүндө билдирүүлөрдү ала башташат. Ошол эле учурда айдоочулар да өз алдынча штраф салынганын же жоктугун www.egov.kg. сайтынан биле алышат.

Маалымат жана байланыш технологиясы Мамлекеттик комитети айдоочулар үчүн керектүү маалымат кеңири бере турган видеотүшүндүрмө тартып чыгарды.

-Бул үчүн "ЖКЭ штрафтарын текшерүү" кызматын ачып, суроо менен кайрылса болот. Жарандык ПИН же юридикалык жактын ИНН автоунаа жана унаанын номери катталганы боюнча аныктоо керек. Эгер ЖКЭ бузгандыгы катталса, бул жөнүндө так маалымат жана тартылып алынган фотосүрөтү жиберилет. Төлөө коду көрсөтүлгөн токтомдун көчүрмөсүн көчүрүп алсаңар болот, - деп Мамбайланыш комитетинен түшүндүрүштү.

Эске салсак, Кыргызстанда 12-февралдан баштап "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабы ишке киргизилип, анын алкагында кыймыл көп болгон көчөлөрдүн кесилишинде жана жолдордун боюнда ЖКЭ бузгандарды каттоочу камералар орнотулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД