УКМК кызматкерлери 81 кг баңги заттарын отко жагып жок кылышты

2019-жылы 17-апрелде УКМК органдары тарабынан жалпы салмагы 81 кг (48 кг - героин, 33 кг – гашиш) түзгөн баңги заттары "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын от казанына жагуу жолдору менен жок кылынды.

Бул үчүн УКМК курамы ИИМ, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агентствосунун, Бишкек шаарынын мэриясынын жана ММК өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлгөн.

УКМКнын маалыматында, 2014-жылдан бери 1,5 тоннадан ашык баңги заты, (анын ичинен героин - 696 кг 506 гр, гашиш - 490 кг 652 гр, марихуана - 280 кг 260 гр, афган чарсы- 27 кг 581 гр, опий - 27 кг 400 гр), 1085 психотроптук заттар жана 160 грамм Альфа ПВП синтетикалык психосимулятору мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД