Пистолет менен коркутуп жарандарды карактагандар кармалды

2019-жылдын 27-майында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына К.М. атту жаран кайрылып, азиат түспөлүндөгү белгисиз бирөөлөр түнкү саат 02:00. чамасында Ибраимов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде пистолет менен коркутуп, күч колдонуу менен "Самсунг" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышып, белгисиз тарапка качып кетишкендерге чара көрүүнү өтүнүчү менен арыз жазган. Бул факт КР Жазык кодексинин 202-беренеси (Карактоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

2019-жылдын 28-майында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына Пакистандын жараны Н.К. кайрылып, түнкү саат 23:30 чамасында азиат түспөлүндөгү белгисиз бирөөлөр Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттү үйдүн кире беришинде пистолет менен коркутуп, күч колдонуу менен "Самсунг" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышып, белгисиз тарапка качып кетишкендерге чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Бул факт КР Жазык кодексинин 202-беренеси (Карактоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ошол эле түнү Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына Ш.Н. атту жаран кайрылып, азиат түспөүндөгү белгисиз бирөөлөр Жибек Жолунда жайгашкан "Казакстан" мейманканасынын жанынан пистолет менен коркутуп акчасын жана жеке буюмдарын тартып алышып, белгисиз тарапка качып кетишкендерге чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Бул факт КР Жазык кодексинин 202-беренеси (Карактоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Бишкек шаарынын ИИББ менен Биринчи май РИИБ кызматкерлеринин биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында карактоого шектүүлөр кармалды. Алар: Талас облусунун тургундары 1994-жылы туулган К.А. жана 1997-жылы туулган А.А. болуп чыкты.

Кармалгандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД