Депутат Кожобек Рыспаев "элита" терминине түшүндүрмө берди

Депутат Кожобек Рыспаев кече күнү Жогорку Кеңештин отурумунда баардык депутаттарды "элитабыз" деп айткан термин боюнча коомчулукка түшүндүрүү үчүн, govori.tv маек куруп берди.

Айтымында, ал өзүн "элитамын" деп таган эмес.

-Мен өзүмдү элита катарына кирем дегеним жок, парламентте саясий элита отурат деп айттым. Бул жөнүндө Википедияда да жазылган: "Саясий элита – бийликтин баардык структураларында жетекчилик кызматты ээлеген жана бийликти колдонуу менен эң маанилүү чечимдерди кабыл алууга тике катышуу укугу бар топ. Саясий элита деп жогорку деген тапка тиешелүү жана коомдо бийлик жүргүзгөн адамдарды аташат. Саясий элитанын курамына мамлекеттик жана партиялык институттарда жогорку-саясий бийликке ээ болгон адамдар кирет". XIX кылымдын аягында бул терминди француз окумуштуусу Сорель саясий илимге киргизген. Мен мына ушул түшүнүк жөнүндө гана айткам, бирок, жараткан алдында баарыбыз бирдейбиз, - деп түшүндүрдү ал.

Эске салсак, депутат Кожобек Рыспаев парламентте сүйлөп жатып, өзүн жана кесиптештерин "элдин элитасыбыз" деп атаган. Парламентарийдин мындай сөзү көпчүлүк кыргызстандыктар тарабынан анын дарегине карата сын-пикирлердин айтылышына алып келди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД