КСДП боюнча чечим чыгарган судья Канат Исаевдин эжеси болуп чыктыбы?

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы К. К. Исаеванын депутат Канат Исаев менен туугандык байланышы бар экендиги тууралуу депутат Ирина Карамушкина соцтармактарга жазган болчу. Эл депутаты жазган бул маалыматын VB.KG редакциясы текшерип көрдү.

Ирина Карамушкинанын маалыматына караганда, Адилет министрлигине КСДП боюнча кандайдыр-бир өзгөртүүлөрдү киргизип жазууга тыйуу салуу чечимин Кундуз Исаева чыгарган.

Ушуну менен бирге Канат Исаевдин өзү Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигин алып салуу маселесин карап жаткан комиссиянын курамына кирип отурат.

VB.KG редакциясына КСДП боюнча чечимди судья Исаева чыгарганын тастыктоочу документ келип түштү. Ушуну менен бирге Биринчи май райондук сотунун судьясы Кундуз Исаеванын атасынын аты Канат Исаевдикине дал келип – Кедейкановдор болуп чыгышты. Экөө тең Чүй облусунда төрөлгөн, бирок, Канат Исаев Кошой айылында, ал эми Кундуз Исаева – Кичи Кемин айылында.

Канат Исаев өзү Карамушкинанын билдирүүсү боюнча түшүндүрмө бере элек, аны менен байланышууга жасаган биздин аракетибиз ишке ашкан жок.

Эске салсак, мурда белгилүү болгондой, Биринчи май райондук соту Адилет министрлигине КСДП боюнча кандайдыр-бир өзгөртүүлөрдү киргизип жазууга тыйуу салган. Мындай чечим партиянын лидерлиги боюнча чыр башталгандан кийин сот ишинин жүрүшүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынган.

Бул окуя КСДП партиясынан "Атамбаевсиз КСДП" кыймылы бөлүнүп, бир күндүк айырма менен съезд өткөргөнүнөн башталган. Биринчилери лидер катары Алмазбек Атамбаевди көрсөтүшсө, экинчилери – Сагынбек Абдрахмановдун ысмын аташкан. 18-апрелде Адилет министрлиги КСДП маалымат базасына партиянын лидери жана анын дареги боюнча өзгөртүү киргизип, ал боюнча социал-демократтардын лидери Абдрахманов болуп, ал эми кеңсе "Форум" имаратынан башка даректе, Эркиндик бульварында көрсөтүлүп калган. Атамбаевдин КСДП партиясы тарабындагылар мындай көрүнүштү рейдерлик тартып алуу катары эсептешип, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышкан. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда Сагынбек Абдрахманов да Атамбаевдин КСДП партиясынын съездин мыйзамсыз деп сотко кайрылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД