Активисттер: "Жогорку Кеңешке кайрадан калың капчыктуулар келишет"

Активисттер саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн БШКга киргизген өзгөртүүлөргө, шайлоо күрөөсүн азайтууну киргизүү талабын колдошууда. Азыркы мыйзам боюнча партия 5 млн сом төлөшү керек.

Активисттер сунушту депутаттардын кароосуна киргизүү үчүн, өздөрү демилге көтөрүп жетишерлик кол топтоо ниетин билдиришүүдө.

Кол топтоо 29-июнда эртең менеки саат 9.00дөн кечки саат 19.00гө чейин Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жүргүзүлөт:

1. Курманжан-Датканын эстелигинин жанында;

2. Түштүк дарбаза паркында;

3. Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде;

4. Чүй проспекти жана Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде;

5. Токтогул жана Эркиндик бульварынын кесилишинде.

Мындан тышкары БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева соцтармактагы өз баракчасына кыргызстандыктарга кайрылып, депутаттардан шайлоонун чегин ылдыйлатууну талап кылууга чакырды.

Белгилей кетсек, азыркы мыйзам боюнча партиялар Жогорку Кеңешке келүүсү үчүн, жалпы добуш берүүчүлөрдүн 9% алышы керек. Өткөн шайлоолордо аларга жети пайыздык чекти алыш керек болчу.

-Мунун өзү биз 2020-жылы кайрадан президенттин көзөмөлүндө болгон калың капчыктуулардан жана аткаминерлердин туугандарынан турган парламентти түзөбүз дегенди билдирет. Биз качантан бери көз карандысыз чыныгы бийлик бутактарын орното албай келебиз, - деген ишеничте Журабаева.

Ал Жогорку Кеңешке ар кандай көз караштагы партиялар келиши үчүн депутаттардан шайлоонун чегин 5% чейин ылдыйлатууну талап кылды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште шайлоолор мыйзамына өзгөртүү киргизүүнүн бир нече варианттар каралууда. Азыр расмий түрдө Жогорку Кеңештин күн тартибине шайлоолор боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизиле элек болсо да, 19-июнда, шейшемби күнү добуш берүү жүрүшү мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД