Кызганычтын айынан малчы жубайын атып өлтүрдү

Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө 29 жаштагы малчы кызганычтан улам өзүнүн жубайын атып өлтүрдү. Бул жөнүндө Ысык-Көл ОИИБ басма сөз кызматы билдирди.

-17-июнда саат 4:00 чамасында Тоң районунун ИИБ нөөмөт бөлүмүнө телелфондон кабар келип түшкөн. Анда 16-июнь күнү Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын 27 жаштагы тургуну А.Н. Сырт өрөөнүнүн Кара-Саз аймагында мылтык менен атынып алып, каза болгондугу жөнүндө айтылган. Бул маалымат Тоң РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, окуянын жагдайларын аныктоо үчүн милициянын ыкчам тобу жиберилген, - деп Ысык-Көл ОИИБ маалымат берди.

Окуя болгон жерде жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында Тогуз-Булак айылынын 29 жаштагы тургуну К.И. өзүнүн жубайы А.Н. менен элдин малын багып келүү үчүн "Кара-Саз" жайлоосунда убактылуу жашап жүрүшкөндүгү аныкталды. 16-июнь күнү кызганычтан улам жубайлардын ортосунда чатак чыгып, күйөөсү К.И. жубайы А.Н.ди көкүрөккө атып жиберген. Келин алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон. Күйөөсү ок атылган мылтыкты мыйзамсыз жана эч бир уруксат кагаздары жок сактап жүргөн.

Бул факт боюнча КРнын Жазык кодексинин 130-беренесинин негизинде (Киши өлтүрүү) сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка далил зат катары ок атуучу курал алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД