Мурдагы "Нарын" ресторанынын ордуна эмне курулат?

Шаардын мэриясында мурдагы "Нарын" ресторанынын ордуна эмне курулаары жөнүндө маалыматы жок. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

-Бул жер тилкесине ээ болгон компания мурдагы ресторан орун алган аянтчага эмне курула тургандыгы жөнүндө ушул убакка чейин сунуш киргизе элек. Мэрия бул жерге гүлзар багын отургузуу идеясын колдогондугун, баса белгилеп кетким келет. Бирок, биз инвестордун кызыкчылыгн колдоого да даярбыз. Биз тараптан коюлган шарт – жаңы курула турган курулуш Бишкектин кооз жайларынын бирине айлануусу керек, - деп мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова түшүндүрмө берди.

Эске салсак, архитектуранын эстелиги болуп саналган "Нарын" рестораны 2017-жылы буздурулган. Андан бир жыл мурда аны архитектуралык мурас реестринен алып салышкан. Азыркы убакта ресторандын ордунда темир тосмо менен курчалган бош жер тилкеси калды.

Сөз жүрүп жаткан борборубуздун так ортосундагы жер тилкесине кытайлык "ДеХе Ко" ЛТД компаниясы ээлик кылат. Анын директору жана уюштуруучусу болуп Кытайдын жараны Ли Джензе саналат. Ал советтик убакта курулган ресторандын ордуна 20 кабаттуу мейманкана куруунун пландаштырып, 2017-жылы шаар куруу кеңешинин макулдугун алууга да жетишкен.

Бирок, шаардын бийлиги (ал кезде Албек Ибраимов мэр болгон) курулуш ишин токтотуп жана шаардыктарга бош орунга гүлзар багын отургузуу убадасын берген кезинде, "ДеХе Ко" ЛТД компаниясынын жетекчиси да алмашып кеткен. 2018-жылдын февраль айынан бери компаниянын директору жана уюштуруучусу болуп Кадир Нэби катталган. Бул жаран боюнча ачык маалымат жок.

Адилет министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн телефон номери боюнча аны менен байланышууга мүмкүн болбоду. Салык төлөмү боюнча маалыматына караганда, бул компаниянын эч бир ишмердик жүргүзгөнү байкалбайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД