Алдыда боло турган шайлоолор ачык-айкын өтөт деген ойдобуз

Коомдук байкоочулардын укуктарын кеңейтүү шайлоолордун мындан да ачык-айкын өтүүсүнө мүмкүндүк түзөт. Бул жөнүндө пресс-конференцияда "Жарандык платформа" КФ директору Айнура Усупбекова билдирди.

-Мурда биздин укуктарыбыз аз болчу, ошондуктан байкоочулар менен эч ким эсептешчү эмес. Эгер бизге уруксат берилбесе, шайлоо участокторуна киргизбей да коюшчу. Ал эми шайлоолордун жыйынтыгы боюнча кандайдыр бир маселелер же суроолор пайда болуп калса, анын маалыматы боюнча бизге гана кайрылышчу. Шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдын жаңыланышы менен биз добуш берүү укугуна ээ болуу менен, шайлоо участокторундагы мыйзам бузууларга каршы олуттуу күрөш жүргүзө алабыз, - деп баса белгиледи Усупбекова.

Эске салсак, депутаттар шайлоолор боюнча мыйзамга бир топ өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Ал өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин шайлоочулардын сатутусу, аялдар үчүн квота көбөйүүсү жана башка маселелер боюнча жаңылануулар күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД