Суракматов тротуарлардагы мыйзамсыз курулуш түрлөрүн алып таштоо тапшырмасы

Бүгүн, 19-июнда Бишкектин мэри Азиз Суракмтов эртең мененки пландаштыруу иштерин борборубуздагы Ленин районунун аймагында өткөрдү. Бул жөнүндө мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынан маалыматы боюнча, жөө кыдыруу Тыналиев жана Садырбаев көчөлөрүнүн ортосунда жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштерин текшерүү менен башталды.

"Шаарбашчы шаар кызматынын жетекчилери менен бирге жогорку, ортоңку, төмөнкү Жалдын көчөлөрүн, үйлөрүн кыдырып чыкты. Мэр түштүк магистралдан Жал кичи районуна чейинки веложолду курууну улантуу менен, анын сапатын жакшыртуу көрсөтмөсүн берди. "Бишкек жашылдандыруу чарбасынын" башчысына кыска убакыттын ичинде Тыналиев көчөсүндө шаардыктардын эс алуу аллеясын куруу долбоорун түзүү, "Бишкекжарыкберүү" ишканасына жөө жүрүүчүлөр жол тилкесин жарыктандыруу, Ленин районунун акимине Жал балдар оорканасынын айланасын тазалап, иретке келтирүү, Жер тилкелерин колдонуу жана куруу башкармалыгына тротуарлардагы баардык мыйзамсыз курулуш түрлөрүн алып таштоо тапшырмалары берилди. Ошондой эле шаарбашчысы тарабынан Жал кичирайонунда курулуш таштандыларынын үйүлүп жатканына начар көзөмөл жүргүзүлгөндүгү үчүн, санитардык-экология инспекциясына катуу эскертүү берилди, - деп борбордук муниципалитеттен билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД