Айдоочулар күбөлүгүнүн жаңы үлгүсү кандай жасалат?

Мамлекеттик катто кызматы (ММК) улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулар күбөлүгүнүн бланктарын даярдоого тендер жарыялады. Жарыя мамлекеттик сатып алуу сайтында жарыяланган.

Сатып алуунун суммасы 75 млн 364 миң сомду түзөт. Мекеме 500 миң улуттук үлгүдөгү айдоочу күбөлүгүн жана 4 миң эл аралык үлгүдөгү айдоочу күбөлүгүн заказ берүүнү пландаштырууда.

Тендерге катышууну каалаган компаниялардын билдирүүлөрү 9-июлга чейин кабыл алынат.

Белгилей кетсек, ММК менен айдоочулардын күбөлүгүн даярдаган компаниянын түзгөн келишим мөөнөтү аяктаган. Жаңы күбөлүккө өтүү учурунда, айдоочуларга убактылуу күбөлүк берилип утарт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД