Депутат Бакыт Төрөбаев журналисттерди сынга алды

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумундагы жарыш сөз учурунда депутат Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс") Райымбек Матраимовдун тегерегинде текшерилбеген иликтөөлөрдү жарыялагандыгы үчүн журналисттерди сынга алды.

Эл депутаты журналисттер 4-бийлик болгону менен республиканын социалдык жана экономикалык маселелер жөнүндө унутуп, кээде жеке кызыкчылыгынын пайдасына жалган жалаа, тастыкталбаган материалдарды жарыялап жатышкандыгын белгиледи. Мисал катары, "Азаттык" менен 5-каналдын иликтөөсүнөн ача пикир жаралып жаткандыгын билдирди. Ал "Азаттыктын" иликтөөсүнөн кийин бирөөнүн кызыкчылыгы бар деген күмөн пайда болгонун жашырган жок.

-Эгер документ жасалма болуп чыкса, журналисттер жооп бериши керек, - деп эсептейт депутат


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД