ИИМ: Батукаевди мыйзасыз бошоткон сот кызматкери камакка алынган

ИИМ экс-судья Жапар Эрматов үй камагына чыгарылгандыгы боюнча маалыматты жокко чыгарды.

Мекеменин маалыматы боюнча, айрым маалымат агентстволорунун булактарга таянып, Нарын шаарынын экс-судьясы Жапар Эрматов үй камагына чыгарылды деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт.

-Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан кылмыш ишинин алкагында Нарын шаарынын экс-судьясы Ж. Эрматов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, суракка алган. Андан кийин сот тарабынан баш коргоо чарасы тандалып, ал Убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө, - деп ИИМ билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД