Жол кырсыгында жабыркаган студент дипмиссиянын билдирүүсүн төгүнгө чыгарды

АКШ элчилигинин кызматкери унаасы менен урдуруп кеткен студент Бектемир Мамыров VB.KG редакциясына жол кырсыгына кандайча туш келгенин жана авариядан кийин дипломаттардын жасаган мамилеси жөнүндө айтып берди.

Бектемир Мамыров өзүнүн ысмын атаганга дароо эле макул болгон жок – ата-энесинин тынчын алгандан чочуп, авария жөнүндө аларга айтпай эле коюуну туура көрүптүр.

-Бул окуя менен байланышкан жагдай мага жакпай турат. Элчиликтин кызматкери болгон бул аял мени ит сыяктуу автоунаасы менен урдуруп кетип, токтоп жардам көрсөткөндүн ордуна өз иши боюнча жөнөп кеткен. Ал эми кече күнү ушул аял автоунаасын токтотуп жана мага жардам көрсөткөндүгү жөнүндө элчиликтин ырастоосун ММКдан окуп калдым. Ооба, ал токтоду, бирок, бул окуянын күбөсү аны кууп жеткенден кийин гана токтоп отурбайбы. Ал учурда бул аял окуя болгон жерден бир километр аралык узап кеткен. Андан кийин ал жөн гана машинасынын ичинде, элчиликтин кызматкерлеринин келишин күтүп отурган, - деди Бектемир.

Бектемир Кыргыз техникалык университетинде окуйт. Өткөн жылы ал эң мыкты окуган 69 студенттин ичинде президенттик стипендияны алгандардын бири болгон. Азыр АКШ элчилигинин кызматтык автоунаасынын капотуна урунуп жаракат алгандан мээси чайкалгандыктан, ооруканада дарыланып жатат.

-Ооруканага алып келе жаткан жолдо, эч ким узатып жанымда жүргөн жок, мени бул жакка "Тез жардам" менен жеткиришти. Дарыгерлер мага МРТ жана башка анализдерди тапшырууну сунушташты, бирок, жанымда акчам жоктугунан, ооруканага жатуудан баш тартууга туура келди. Мага эч ким телефон чалып ден соолугумдун ахывалын сураган жок. Бир нече күндөн кийин биз социалдык тармактагы баракчабызга болгон окуя жөнүндө жазууну чечтик. Анан дароо эле ММКда чуу көтөрүлүп, ошондон кийин гана элчиликтин кызматкери телефон чалып, мени менен байланышты. Авария болгон күндөн бери алты күн өтүп кетти, эгер биз соцтармакка жазбаганыбызда, көчөдө адамды машина менен урдуруп кетишкенине дипломаттар эч бир көңүл буруп деле коюшпаса керек деп ойлойм. Кече күнү мага элчиликтин кызматкери келди, ал Кыргызстандын жараны экен, тиги аялдын жардамчысы окшойт. Биз өз ара сүйлөштүк, ал келтирилген чыгымды

төлөп берейин дегенинен мен баш тарттым. Ал эми элчиликтин кызматкери өзү мага келип сүйлөшкөн жок, - деп сөзүн улады Бектемир.

Айтмакчы, жергиликтүү укук коргоо органдары да бул окуя боюнча иликтөө иштерине шашылышканы байкалбайт. Бектемирдин айтканына караганда, тергөөчү ага дүйшөмбү күнү гана келген, бул учурда америкалык айдоочу катышкан окуя жөнүндө бүт республикада сөз кылып жатышкан болчу.

-Ал мага токтомду берип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө жиберди. Мына бүгүн ушул жакта жүрөм. Менин бир нерсени каалаган түз максатым жок. Мага адам катары, акыйкаттык менен баардыгыбызга урматтоо менен мамиле жасалышын гана каалайм. Мага байланышкан окуя биринчи жолу болуп жатпагандыгын биз баарыбыз билебиз. Мындай мамиле жасоого болбойт, анткени, дипломаттык кол тийбестик деген адамдык касиетти жоготуп салуу дегендикти билдирбейт да, - деп сөзүн аяктады Бектемир.

Эске салсак, 18-июнда америкалык элчиликтин кызматкери дипломаттык номери бар Лексус машинасын башкарып келе жатып, Бишкек шаарынын Манас проспектисинен жолдо өтүп бараткан студентти урдуруп кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД