Бишкекте уруксатсыз курулган 20 соода точкалары алынып салынды

Бишкектеги Октябрь райондук акимиатынын кызматкерлери тарабынан райондук ИИБ жана санитардык-экологиялык инспекция өкүлдөрү менен биргеликте, "Орто-Сай" базарындагы соода ишинин уюштурулушун текшерүү боюнча кезектеги рейд жүргүзүлдү.

Аткарылган иштин жыйынтыгы боюнча уруксаты жок курулган 20 соода точкалары алынып жана уруксаты жок көчөдө тамак-азыктарын сатып жаткан адамдар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Шаар кызматы жайдын ысык күндөрү көчөдө тамак азыктары менен соода жасоо адамдардын ден соолугу үчүн зыяндуу, ошондуктан Бишкектин аймагында соода жүргүзүү эрежелерин сактоо өтүнүчү менен шаардыктарга кайрылды.

Эгер бул маселе боюнча сунуш-пикирлер же даттануулар болсо, борборубуздун жашоочулары аларды "Bishkek 312" мобилдик тиркемеси аркылуу жибере алышат. Аны PlayMarket жана AppStore аркылуу көчүрүп алса болот. Тиркемени активдештирүү үчүн өздүк маалыматтарды – аты-жөнү, уюлдук телефону көрсөтүү керек.

Шаардыктар Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык тармактагы Facebook расмий аккаунтуна жазылып, ыкчам маалымат алып, суроо бере алышат. Ошондой эле баардык маалыматтар ыкчам түрдө Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында www.meria.kg жайгаштырылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД