Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратышты

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары күн тартибиндеги Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу жөнүндөгү маселени карашты. Башкы прокуратуранын бүтүмүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов окуп берип, анадан кийин депутаттар суроо берүүгө өтүштү.

Төрага Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин "Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Республикасынын экс-президенти макамынан ажыратуу жөнүндөгү" токтом долбоорун окуп берди. Андан кийин депутаттар ачык добуш берип, анын жыйынтыгында токтомду 103 депутат колдоп, 6 депутат каршы болду.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссия кабыл алган чечимди Башкы прокуратурага өткөрүп берген.

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан. Ага ЖЭБди жаңылатуу иши боюнча паракорчулукка жол берилиши, Кой-Таш айылындагы жер участогун мыйзамсыз алуу, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу,борбордук жылуулук берүү станциясын көмүр менен камсыз кылууда компаниялардын кызыкчылыгын колдогондугу сыяктуу дооматтар коюлган.

Добуш берген депутаттардын тизмеси:


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД