Мэрия борбордогу көлдөрдү калыбына келтирүүгө каражат табууну убада кылууда

"Ачык жерде сууга түшүү сезонун ачуу боюнча баардык даярдануу иштери жүрүгүзүлүп – көлдөрдүн жээгиндеги чөптөр чабылып, отургучтар, көлөкө берүүчү жана кийим которуучу жайлар оңдолуп жана сырдалды. Балырларды жок кылуу үчүн 2 тонна техникалык туз жана 3,5 тонна хлор акиси даярдалды. Азыркы убакта борбордун вице-мэри Рыспек Сарпашев суудагы кокустуктардан сактоо кызматы жана адамдарды сактоо үчүн атайын каржаттарды сатып алуу боюнча куткаруучулар менен келишим түзүү үчүн каржылоо мүмкүндүгүн издөөдө, - деп Бикектин мэриясынан билдиришти.

Бүгүн эртең менен VB.KG редакциясынын кабарчысы Кара-Жыгач токоюна барып, ал жердеги белгилүү көлдөрдүн абалын көрүп келди. Анын айтымында, көлдөрдү тазалоо иштери баштала электей таасир калган, суунун жээктерин чөп басып, ал эми көлдөрдүн түбү сазга айланып кеткен. Көлдөрдү тазалоо иштерине көп каражат сарпталаары ачык эле билинип турат.

Ошондой эле мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, март айында эле Бишкек шаарынын санитардык-эпидемология көзөмөл борбору "Бишкек жашылдандыруу чарбасына" парк жана көлдөрдү алдыдагы сууга түшүү сезонуна даярдоо боюнча санитардык тапшырма берген.

"Бирок ал жактагы шарттарды текшерүү учурунда, алардын айрымдары аткарылган эмес. Тапшырылган иштерди аткарууда көлдөр суу менен толтурулуп, андан кийин көлдөгү суудан текшерүү алынат, ал эми сууга түшүү сезонунун ачылышы лабораториянын анализдеринин жыйынтыгына жараша болот, - деп айтылат билдирүүдө.

Акыркы жолу оор техникаларды колдонуу менен көлдөрдү тазалоо иштери 2017-жылы жүргүзүлгөн жана ага алты миллион сом сарпталган. Бул жылы мындай каражаттын бөлүнүшү каралган эмес. Анын үстүнө бизде куткаруучулар жок. Мурда бизге ӨКМ жардам берип турчу, бул жылы куткаруучуларды жумушка алуу мсаелеси менен жергиликтүү бийликтер алектениши керек деген өкмөттүн токтомуна шылтоолоп, жардам көрсөтүүдөн баш тартышты. Бизге 6 куткаруучу керек, мындай адистерди табуу үчүн гезиттер аркылуу жарнама берип издөөдөбүз, бирок, натыйжа жок болууда. Куткаруучулар жок биз суу менен көлдү толтура

албайбыз, - деп VB.KG редакциясынын кабарчысына Кара-Жыгач паркынын жетекчиси Болот Айдарбеков билдирди.

Мэриянын маалыматы боюнча, бул көлдөрдө жыл сайын сууга түшүү сезонун ачуу убагы июль айынын башында башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД