4 компания "Коопсуз шаар" долбоорун аймактарда ишке ашырууга аракет кылууда

Төрт компания "Коопсуз шаар" долбоорун Кыргызстандын аймактарында ишке ашырууга аракет кылууда. Бүгүн, 27-июнда, тендерге катышуу боюнча компаниянын арыздары каралды. Бул жөнүндө информациялык технологиялар жана жана байланыш Мамлекеттик комитети билдирди.

Тендерге катышуу үчүн 4 компания документ тапшырган:

1. "Информациялык системалардын коопсуздугу" (Россия)

2. "ВЕГА" радиокуруу концерни АК (Россия)

3. Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd. (Кытай)

4. ALT Technology LLC (БАЭ)

Тендер эки этап менен өткөрүлөт. Биринчи этапта катышуучу компаниялар баалар боюнча сунуштарын беришет.

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабынын алкагында республиканын жети облусундагы жол кыймылы эрежесинин бузулушун тартып алуучу видеокамералар орнотулат. Долбоордун биринчи этабы "Вега" компаниясы тарабынан 2019-жылы 12-февралда Бишкекте жана Чүй облусунда ишке киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД