Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулга тарашты

Жогорку Кеңештин депутаттары сессиянын акыркы отурумун өткөрүп жана жайкы каникулга тарашты.

Төрага Дастанбек Жумабеков өлкөнүн мыйзамдык базасын чыӊдоого жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккан бир катар өтө маанилүү мыйзамдар, токтомдор, чечимдер кабыл алынганын, өлкө экономикасын көтөрүүгө жана калк турмушун жакшыртууга багытталган көптөгөн орчундуу иш-чаралар өткөрүлгөнүн белгилеп, алгылыктуу аракеттери үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Сессиянын отуруму Кыргыз Республикасынын гимни менен аяктады.

Алтынчы чакырылыштын алтынчы сессиясы 2019-жылы сентябрь айында башталат

Эске салсак, акыркы жумуш күнү депутаттар Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратуу чечимин кабыл алышты. Ал эми мурдагы президенттин тарапташтары депутаттар ишти шашылыш бүтүрүп жана регламентти бузушту деп эсептешүүдө


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД