Аткаминердин чоң баласы балдарды катуу сабап салган

Аткаминердин 24 жаштагы баласы балдар аянтчасында ойноп жатканда сабап салган 9 жана 10 жаштагы эки бала ооруканага жаткырылды. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына жабыр тарткан балдардын апасы Гүлзат Жумакова билдирди.

Анын айтымында, бул окуя бир жума мурда, 22-июнда, бишкектик Жал кичирайонунда болгон. Анын балдары Ыйман (9 жашта) жана Акыл (10 жашта) кошуна балдар менен балдар аянтчасына ойноп жатышкан.

-Ыйман досу менен урушуп кетип, алар муштуша баштаганда, Акыл аларды арачалаш үчүн чуркап барган. Ушул учурда аларга кошуна баланын байкеси келип, менин уулдарымды бир нече жолу уруп жиберген. Ал жигит 24 жашта. Улуу баламды катуу чапканында, кулагынын тарсылдагы жарылып, баш мээси чайкалган. Ал бир кулагынан дүлөй болуп калгандыгынан, дарыгерлер анын кайрадан уга тургандыгына кепилдик бере албай жатышат. Кичүү уулумдун да баш мээси чайкалган, - деди Гүлзат Жумакова.

Улуу уулунан кийин дагы үч баласы бар бул аял адегенде кошуналар менен тынч эле сүйлөшүп макулдашууну чечкен, бирок сөзгө келе алышкан эмес. Ал үй бүлөнүн атасы аялды укмак турсун, кайра коркута баштаган.

Мына ошондон кийин мен милицияга арыз жазып кайрылдым, бирок, тергөөчүлөр ишти шашылбагандай башташты. Соттук-медициналык экспертиза боюнча токтомду үч күндөн кийин гана алдым, ал эми кече күнү тергөөчүлөр бир эле бала жөнүдө жазып жатышканын байкадым, кулагы укпай калган уулум Акыл жөнүндө бир да сөз жок. Мен тергөөчүгө келип мунун себебин билейин деп сурасам, мени келекелеп күлүп, эч нерсени түшүнбөй жатканымды айтты, - деп сөзүн улады Гүлзат.

Анын айтымында, менин балдарымды сабаган жигиттин атасы Чүй облусунун МКК бөлүмдөрүнүн биринде иштейт экен. Ал кишинин тааныш байланыштары болуп, бул ишти жаап салышабы деп чочуп жаткандыгын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД