Кыргызстандан башка өлкөлөргө кеткендердин саны азайууда

Башка өлкөлөргө туруктуу жашоого кетип жаткан кыргызстандыктардын саны азайууда. Мындай жыйынтыкты Улуттук статистикалык комитети 2018-жылдын маалыматтык анализи боюнча чыгарган.

Маалымат боюнча, кыргызстандыктардын көбүнчөсү Россияга кетип жатышат. 2018-жылы ал жакка 3085 аял жана 1887 эркек кеткен. Казакстанга 797 аял жана 59 эркек кеткен.

Кыргызстандыктар туруктуу жашоо үчүн башка өлкөлөргө аз санда кетишүүдө. Эксперттер миграциянын азайышын, жарандыкты алууну жөнөкөйлөтүү боюнча Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу өкмөттөр аралык келишимдин токтотулушу менен байланыштырууда, - деп билдирет Улуттук статистикалык комитети.

Мындан тышкары Улуттук статистикалык комитети белгилегендей, аялдар эркектерге караганда чет өлкөгө гана эмес, өлкөнүн ичинде да көбүрөөк миграция жасашат.

Бул бир жагынан ЖОЖдорго окууга тапшыруу менен байланышкан, себеби, алардын көпчүлүгү борбор шаарыбызда жайланышкан, - деп белгилейт Улуттук статистикалык комитети.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД