Атамбаевге дагы бир депутат кошулду

Бүгүн, 2-июлда, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын дагы бир депутаты Мухтар Айнакулов келди. Бул жөнүндө april.kg билдирди.

ММК маалыматы боюнча, депутат журналисттерге "жээктердин" кайсы бирин тандап отурууга укугу жок экендигин айтып берди.

-Мен партиянын катарына 1999-жылы өткөм, анын уюштургандардын биримин деп айтсам да болчудай. Бүгүн партияда ушундай бөлүп-жаруу жүрүп жатканында, мен бир "жээкти" тандоого жана Кыргызстанды экиге бөлүүгө укугум жок деп эсептейм. Бизде баардык маселелер мыйзам чегинде чечилиши керек, - деп билдирди депутат.

Ал ошону менен бирге, Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик макамын ажыратуу чечими боюнча да түшүндүрмө берди.

-Жогорку Кеңеш экс-президенттик макамы жөнүндө чечимин өтө эле тез чыгарып салды. Мындай болбош керек. 2011-жылы бүт өлкө Алмазбек Атамбаевди колдоп берген. Мен добуш бербөөнү чечип, ошол күнү ооруканага кеткем, - деди депутат.

Мындан тышкары, Айнакулов комиссия түзүлгөнүнө каршы болгондугун, комиссиянын курамына Атамбаевге жеке душмандык мамиледеги адамдар киргизилгени туура эмес экендигин кошумчалады.

-Мындай адамдарды комиссиянын курамына киргизбеш керек эле. Комиссия бир жума ичинде түзүлүп, баардык ишти шашылыш бүтүрдү. Эл муну түшүнүп эле турат. Биз парламенттик өлкө болгондон кийин, баардык чечимдер мыйзам чегинде кабыл алынышы керек, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Өз кезегинде VB.KG редакциясы депутат Айнакуловдон Атамбаевдин тарапташтары уюштуруп жаткан бүгүнкү митингге катыша тургандыгын сурап билүү үчүн, аны менен байланышууга аракет кылды эле, бирок, азырынча эл депутаты телефон чалууларга жооп бере элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД