Равшан Жээнбеков: Көкүтүү аракети болбосо митинг тынч өтөт

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын экс-депутаты Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин митинги тынч өтөт, бирок көкүтүү аракети болушу да мүмкүн деп эсептейт. Бул жөнүндө ал VB.KG редакциясына митинг учурунда билдирди.

-Митинг тынч өтөт, эгер көкүтүү аракети болбосо, катышуучулар резолюция кабыл алышат да тарап кетишет, - деген ишеничте саясатчы.

Равшан Жээнбеков депутат кезинде ошол убактагы президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине сын айтчу. Азыр болсо ал аны колдоп жатат.

-Ал азыр мен сыяктуу оппозициялык саясатчы болуп калды. Эгер оппозициянын жашоону жакшыртуу боюнча жаңы идеялары болсо, эмне үчүн бириккенге болбосун. Бул нормалдуу саясий практика болуп эсептелет, - дейт Жээнбеков.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте Атамбаевди колдоо митинги өтүп жатат. Анын уюштуруучулары Форум имаратынын жанында 1500гө жакын адам чогулду деп эсептешүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД