Сагынбек Абдрахмановдун КСДП партиясы өз элдик штабын ачты

Бишкекте Сагынбек Абдрахмановдун КСДП партиясынын өкүлдөрү өз элдик "Калыс Ордо" штабын ачты. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына партиянын лидери өзү билдирди.

Анын айтымында, бул штабдын максаты бүгүнкү саясий абалга баа берүү үчүн элдин пикирин билдирүү болуп саналат.

-Атамбаевдин тарапташтары биздин партиянын жана элдин атынан чыгып сөз сүйлөп жатышат, бирок, бул туура эмес. Эл өз сөзүн айтсын үчүн бул штаб ачылды. Жарандардын көпчүлүгү бизге келип, өз пикирлерин айтышууда. Ошондуктан штабдын башкы максаты болуп, Кой-Таш тараптан чагымчылыкка жол бербөө болуп эсептелет деп айтсак болчудай, - деп түшүндүрдү Абдрахманов.

КСДП саясий кеңешинин мүчөсү, Ысык-Көл облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Нурбүбү Кененбаева "Калыс Ордону" толугу менен элдик штаб деп түшүнүүгө болбой тургандыгын белгиледи.

-Муну адамдар бул жерге келип, бүгүнкү саясий абал жөнүндө өз пикирин айта турган борбор деп айтсак туура болчудай. Бул штабды биздин партиябыз ачты деген да туура эмес, бул коомчулуктун гана демилгеси, аны КСДП колдоп берди. Биз жакында эле аймактарды кыдырып чыктык, ал жактарда көпчүлүк кыргызстандыктар бизди колдоп жатышат. Азыр алар бизде түзүлгөн абалды, эмне болуп жаткандыгын сурап телефон чалып жатышат. Ошон үчүн биз элге "Калыс Ордо" аркылуу өз пикирлерин билдирүүсүн сунуш кылуудабыз. Айтмакчы, бул борбор "Баят" базарынын жанындагы "Көк Арт" кафесинде жайгашкан, - деп VB.KG редакциясына тактады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД