Аскер прокуратурасы Алмазбек Атамбаевге чакыруу жөнөтө элек

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышкандыгы мүмкүн болгон кылмыштар боюнча чакыруу жөнөтүү жөнүндө сөз кылуу эртелик кылат. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы, корруциянын беш факты боюнча суроого жооп берип жатып билдирди.

Беш фактынын баардыгы Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде катталган. Экс-президенттин кол тийбестиги алынгандан кийин Аскер прокуратурасы сотко чейинки өндүрүш ишин баштагандыгын эске салды көзөмөл органы.

- Иликтөө иштеринин алкагында анын жыйынтыгы боюнча гана чакыруу маселеси чечилет. Бул жөнүндө айтуу эртелик кылат. Азыр баардык фактылар текшерилип жатат. Бул иштер боюнча толук материалдарды алуу зарыл, - деп белгилешти мекеменин басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш Башкы прокуратурага мурдагы президенттин катыштыгы мүмкүн болгон кылмыштын беш фактысы боюнча

корутунду берген. Алардын ичинде: ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция, борбордук жылуулук электр борборуна көмүр жеткирүүдөгү компаниянын кызыкчылыктарын түртүү, "кримтөбөл" Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу, ошондой эле жер тилкелерин мыйзамсыз сатып алуу.

Мурдагы президент бул айыптоолорду четке кагууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД