Чет элдик жарандын өлүмүнө шектелген адамдын көрсөтмөсү

ИИББнын басма сөз кызматы "Айчүрөк" соода борборунун жанында Нигериянын жаранынын денесине оор зыян келтирүү факты боюнча шектелген адамдын көрсөтмөсүн жарыялады.

Сотко чейинки өндүрүштүк иштин жүрүшүндө шектүү катары кармалган К.Э.нин айтымында, 2-июлда ал "Чынар" соода борборунун жанында телефондо видео чалуу аркылуу достору менен сүйлөшүп жаткан. Ошол учурда чет элдик жаран келип, аны телефонго тартпоо керектигин айткан. Шектүү аны телефонго тартпаганын айтса, Али Абубакар сөгүнүп, анын кесепетинен экөө кайым айтыша кетишкен.

-Андан кийин "Айчүрөк" соода борборунун жанына жеткенде Т.А. Али Абубакардын кемсинткен сөздөрүнө чыдабай аны бетке чаап жибергенде, ал желкеси менен асфальтка кулап түшкөн, - деп басма сөз кызматы шектелген адамдын сөздөрүн келтирет.

Учурда КР Жазык кодексиндеги 138-берененин 1-бөлүмү (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Эске салсак, 2-июлда саат 16:30 чамасында "Айчүрөк" соода борборунун жанынан кыргызстандык жаран Тижжани Али Абубакарды уруп жибергенде, ал башы менен асфальтка куулап түшкөн. Ал эсин жоготуп, "Тез жардам" чакырылып, Улуттук бейтакпкананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бүгүн Улуттук бейтапканада Тижжани Али Абубакардын каза болуп калганы белгилүү болду.

Нигериянын жараны Тижжани Али Абубакар көп жылдардан бери Бишкекте жашап жана "Cambridge School" тил үйрөтүүчү мектебинин директору болуп эмгектенип келген. Али Абубакардын артында жубайы (кыргыз) жана 2 кызы калды.

1

nt


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД