Аскер кызматын өтөгөн абитуриенттерге кандай артыкчылыктар берилет

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде аскер кызматын өтөгөн абитуриенттердин окууга тапшыруудагы өзгөчөлүктөрү жөнүндө түшүндүрмө беришти.

Маалыматка караганда, жогорку окуу жайларына тапшырууда аскер кызматын өтөгөн жарандарга бир топ артыкчылыктар берилет.

Армияга кызмат өтөгөнгө чейин ЖРТ тапшыргандар үчүн анын жыйынтыгы 3 ичинде жарактуу болуп эсептелет. Тактап айтканда, 2019-жылы бул категорияга кирген абитуриенттер 2017-жылы же 2018-жылы алган сертификаттарын колдоно алышат.

Ошондой эле бул категориядагы абитуриенттерге башка бирдей шаттарда (мисалы, бирдей балл алып калган учурда) окууга өтүү артыкчылыктары берилет.

Аскердик кызматты өтөгөндүгүн тастыктоочу документ катары, абитуриент аскердик билетин көрсөтүүгө тийиш, - деп түшүндүрүштү Билим берүү жана илим министрилигинен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД