Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттер үчүн сайт ачты

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан абитуриенттерге жогорку окуу жайларды тандоого жардам берүүгө багытталган сайт ишке киргизилди.

www.university.edu.gov.kg онлайн-сайты Кыргыз Республикасында иштеген бардык ЖОЖдордун (мамлекеттик жана мамлекеттик эмес) тизмесин карап чыгууга жардам берет жана "Ачык өкмөт" долбоорунун алкагында "Жарандык катышуу" коомдук фондунун колдоосу менен түзүлгөн. Ресурстан ЖОЖдор жөнүндө жалпы жана айрым статистикалык маалыматтар, факультеттердин тизмеси жана ЖОЖдордун бөлүмдөрү менен таанышууга болот. Ошондой эле сайттын сервисин колдонуу менен, ЖОЖдордун байланыш телефондорун алып түз байлынышка чыгууга болот.

Республиканын жогорку окуу жайлары: аймактар, окутуу багыты жана адистиги боюнча 2 пункт боюнча категорияларга бөлүнгөн. Долбоор тарабынан берилген ЖОЖдор тууралуу бардык маалыматтар, анын ичинде медиа-файлдар (сүрөттөр жана видеолор) жана статистикалык маалыматтар ЖОЖдордун расмий өкүлдөрү тарабынан жарыяланган.

Андан тышкары, долбоордо ЖОЖдордун жаңылыктары камтылган.

Билим берүү министрлигинен белгилешкендей, жаңы ресурс Кыргызстанда жогорку билимдин сапатын жогорулатууга жардам берүү максатында иштелип чыкккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД