Кыргызстанда мектеп окуучулары электрондук күндөлүккө өтүшөт

Билим берүү жана илим министрлиги 2019-жылдын аягына чейин мектептерде электрондук күндөлүккө өтүү тажрыйбасын колдонот. Ушуга байланыштуу бул ишти уюштуруу, ишке киргизүү жана "Күндөлүк" (дневник – ред.) автоматташтырылган маалыматтык системасына техникалык колдоо көрсөтүү боюнча конкурс жарыяланды. Бул жөнүндө Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, бул система класстык журналдарды жана күндөлүктөрдү электрондук формада киргизүүнү камсыз кылып, андан кийин кагаз жүзүндө отчет берүү формасы колдонулбай калат.

"Күндөлүк" окуучунун окуудагы жетишкендиги жөнүндө маалымат берүү менен, ата-эненин билим алуу процессине көңүл бөлүүсүн күчөтөт. Мындан тышкары, онлайн-инструмент окуучунун сабакта жетишүүсүн жогорулатып жана сабакка келүүсүн жакшыртат. Автоматташтырылган система билим алуунун сапатын жакшыртуунун жана мектепте паракорчулук механизмин жокко чыгаруунун жаңы инструменти болуп калмакчы, - деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД