Бишкектиктер жеке футбол талаасынын курулушуна каршы болушууда

VB.KG редакциясына борбор шаарыбызыдын Түгөлбай Ата жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан № 26, 29/1 көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары кайрылып, жеке футбол талаасынын, кичи мейманкананын жана автоунаа токтотуучу жайдын курулушуна каршы болуп жатышкандыгын билдиришти.

Жогоруда аталган курулуштарды куруучу – өзү бул жерден алыс эмес жерде жашаган Ахмед Жумабаев деген жаран, апрель айынын аягында бул жерде убактылуу кичине футболдук талаасын курууга "Бишкекбашкыархитектура" ММнин уруксатын алган. Ошол убактан баштап жергиликтүү тургундар менен бул демилгелүү кошунанын каршылашуусу башталган. Жашоочулар уруксат берилген документтер болсо да, мыйзамсыз алынган деген ишеничте.

Тилекке каршы, № 26 үйдүн жашоочуларын чаңдан жана жолдон өтүүчү автоунаалардан чыккан газдан сактап турган жашыл майданды коргоп калуу мүмкүн болбоду.

Редакцияга кайрылган жергиликтүү тургундардын айтымында, 20 жылдан бери өсүп турган ондогон бак-дарактарды жана жаңы отургузулган көчөттөрдү эч айоосуз кыркып, тамырларынан бери жулуп ташташкан. Эми көлөкөлүү "оазистин" изи да калган жок, батирлердин терезесинен күндүн ысыгына какталган бош жер калганын гана көрүүгө болот. Ал эми жакында бул жерде футбол талаасынын, аны менен бирге – чуру-чуу, футболчулардын чырдашуусу күйөрмандардын кыйкыруусу пайда болоору күтүлүүдө. Мындай көрүнүш, Татьяна Селезнева айткандай, эртең мененки саат 10дон баштап, кечки 22.00гө чейин байкалат дей бергиле.

-Бидин көп кабаттуу үйдүн батирлериндеги уктоочу бөлмөлөрүнүн терезелери ушул жакты карай жайгашкан. Бул эми, биз жакшы эс алып уктай албайбыз, кечкисин терезелерди ача албайбыз дегенди билдирет. Футбол талаасынын жанында тынч жашоого болбой тургандыгы, өзүңөргө деле түшүнүктүү болсо керек. Бул футбол талаасы үйдүн терезеси алдынан эки метр аларлыкта жайгашканы турат. Эгер өрт чыгып кетсе эмне болот? Бул жерге өрт өчүргүч машиналар да кире албайт! – деп нааразылыгын билдирди жергиликтүү жашоочу.

Үсөнбаев көчөсүндөгү № 3 үйдүн алды жагына курулу турган кичи мейманкананын жана автоунаа токтотуучу жайдын курулушу жөнүндө сөз кылсак, бул курулуш азырынча баштала элек, ага уруксат берилген документтерди да жашоочулар көрүшө элек. Бирок, мындай "кошуначылыкка" каршы кол коюлган кагаздарды чогултуп беришкен.

Андан тышкары каршы болгон жашоочулар май айынын башында бак-дарактардын кыйылып, өмүргө жана ден соолукка зыян келтирилип жаткандыгы боюнча арыз жазып, Свердлов районунун ИИБ кайрылышканында, активисттердин дарегине коркутуулар башталганы жөнүндө Полина Котулева айтып берди.

-Бир ай убакыт бул иш каралбай жатты. Биздин көп кабаттуу үйдүн жашоочуларына, эч бир туура натыйжа чыгара албайсыңар деп айтышууда. Азыр бул маселе менен биздин юрист алектенип жатат. Ошондой эле мен Ахмед Жумабаев өзүнүн ар намысына шек келтирилгендигин коргоо боюнча биздин үйдүн жашоочуларына карата арыз жазганын билдим. Анын кандай доо талабы бар, мен түшүнбөйм, анткени ага эч ким орой мамиле жасаган жок. 24-июлда бул иш боюнча сот болот, - деди № 26 үйдүн тургуну.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, эгер укук коргоо органдары жана борбор шаарыбыздын бийликтери алардын укугун коргобосо, алар сотко кайрылышаарын билдиришти.

Бул маселе боюнча кененирээк VB.KG редакциясынын видеосюжетинен көрүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД