Айдоочулар жаңы күбөлүктү качан алышат?

МКК айдоочулар күбөлүгүн сатып алуу боюнча тендерге катышуу мөөнөтүн узартты. Мындай маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматында тастыкташты.

Тендерге катышуу боюнча берилген арыздар, кече күнү, 9-июлда каралмак. Бирок, арыздарды кабыл алууну дагы бир айга, 9-августка чейин узартышты.

Мунун себеби, Atlas International GmbH фирмасынын арызы болушу мүмкүн. Конкурстун шарттарына карата өздөрүнүн нааразылыгын билдирген арызды фирманын өкүлдөрү мамлекеттик сатып алуу департаментине жиберишкен. Мына так ушул компания акыркы убактарга чейин кыргызстандык айдоочулардын күбөлүктөрүнүн бланктарын басып чыгарып турган.

Чет элдиктер конкурстун шарты боюнча эки талап коюшууда:

1. МКК жарандын өздүгүн аныктоо боюнча жабдыктын маркасын жана үлгүсүн жарыялаган эмес.

Бул жерде белгилей кетчү нерсе, МКК бланктарды гана сатып алат, ал эми жарандардын өздүк маалыматтарын мамлекеттик мекеме өзүнүн жабдыгы менен басып чыгарат. "Атлас групп" фирмасында баардык документтерди лазердик принтерде басып чыгаруу мүмкүн эмес деген ишеничте. Ошондой болгону менен бул компания акыркы жылдары документтерди даярдоого тийиштиги бар мамлекеттик структуралар менен кызматташып келген жана аларда кандай жабдыктар бар экендиги жөнүндө маалыматы бар болушу мүмкүн.

2. Тендердин шарттары ага катышуучулардын санын азайтууда.

Тендердин шарты боюнча чет элдик компания салык төлөп, бланктарды сактап жана жеткирип туруучу өнөгүн Кыргызстандан табуусу керек.

"Атлас групп" фирмасынын арызы 4-июлда каралат. Бирок, МКК VB.KG редакциясына билдиргендей, тендердик арызды кароонун мөөнөтүн жылдырунун себеби башкада.

-Тендерге катышуу каалоосун билдирген компаниялардын бири Ведомстволор аралык комиссияга өтүнүч менен кайрылып, тиешелүү документтерди даярдоого жетишпей калгандыктан, арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн узартууну суранышкан. Бул өтүнүч комиссияда каралып жана канааттандырылган. Бирок, тендер болбой калбайт, ал сөзсүз өткөрүлө турганын биз белгилеп кетмекчибиз, - деп түшүндүрдү МКК басма сөз кызматы.

Ошол эле убакта МКК менен "Атлас групп" фирмасы ортосундагы келишимдин мөөнөтү аяктап жана өлкөбүздө айдоочулардын күбөлүгүнүн бланктары калбай баратат. Азыр айдоочулар убактылуу күбөлүктөрдү гана ала алышат.

Айдоочулардын жаңы күбөлүктөрү 2019-жылдын октябрь айында бериле баштаары күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД