Молдакун Абдылдаевдин жубайынын денеси табылды

Кече күнү, 10-июлда, Жайыл районунун аймагынан Көкөмерен суусунан 2 км ылдый жерден 57 жаштагы Тинатин Шадыканованын – Чүй облусунун толук ыйгарымдуу өкүлүнүн администрациясынын жетекчиси, маркум Молдакун Абдылдаевдин жубайынын денеси табылды.

ӨКМ басма сөз кызматы VB.KG редакциясына билдиргендей, бүгүн Абдылдаевдердин үй бүлөсүнүн жоголгон акыркы мүчөсүн, 26 жаштагы Илимбекти издөө иштери улантылууда.

Издөө иш чарасына жүздөн ашык куткаруучулар тартылган.

Эске салсак, 30-июнда миилицияга Ат-Башыдан Суусамырга бара жаткан жолдо 5 адам дайынсыз жоголгондугу жөнүндө кабар келип түшкөн. Алар ак түстөгү Nissan Terrano үлгүсүндөгү автоунаа менен Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине бара жатышкан. Кийин күбөлөр автоунаа Арал айылына жакын жолдо жарга урунуп, андан кийин Көкөмерен суусуна кулап кеткендигин айтышкан. 2-июлда Молдакун Абдылдаевдин жана анын айдоочусу Бакыт Абдылдаевдин денелери, ал эми 4-июлда анын 8 жаштагы небересинин денеси табылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД