Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапар алкагында 10-июлда, Берн шаарында Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Швейцария менен эки тараптуу кызматташтык Кыргызстандын тышкы саясаты үчүн гана эмес, экономиканы ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн да маанилүү болуп саналаарын, Швейцария Кыргызстанга парламенттик демократияны курууга, жарандык институтарды бекемдөөгө жана улуттук программаларды ишке ашырууда олуттуу колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгилеп өттү.

Жолугушуунун катышуучулары экономиканын ар кандай тармактарында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдиришти.

Бизнес баарлашуунун жыйынтыгында туризм, медицина, агроөнөр жай комплекси жана башка тармактар боюнча бир катар документтерге кол коюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД