Кремлдеги жолугушууда Путин менен Жээнбеков эмнени талкуулашат?

Бүгүн, 11-июлда, Москвада Россиянын жана Кыргызстандын президенттери, Путин менен Жээнбековдун жолугушуусу өтөт. Бул пландаштырылбаган жолугушуу жөнүндө анын башталышына бир нече саат калганда гана белгилүү болду. Мындан тышкары бул жолугушуу КР укук коргоо органдарынын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка чакыруусу ийгиликсиз болуп жаткан учурунда да өтмөкчү.

Cаясат таануучу Марс Сариев VB.KG редакциясына билдиргендей, мурдагы жана азыркы президенттердин каршылашы кандайдыр-бир шартта талкуулоонун предмети болот, бирок, бул сүйлөшүүнүн жалгыз жана башкы темасы боло албайт.

-Алмазбек Атамбаевдин талаа командири сыяктуу жаңы ролун, тышкы күчтөр оюн фигурасы катары колдонуп кетиши мүмкүн. Өлкөдө эки бийлик жүрүп турган жагдайда – исламдык, гюлендик, улуттук ж.б.у.с. көптөгөн карта оюндарын ойносо болот. Москваны Кыргызстандагы абалдын курчушу гана эмес, Грузияда, Арменияда, Казакстанда да жүрүп жаткан саясий процесстер чочутууда, булар жөн жерден эле чыкпастан, тышкы күчтөр да түрткү берүүдө. Кыргызстанда да тышкы кийлигишүүлөрдүн сценарийи жүрүп кетиши мүмкүн, - деп эсептейт саясат таануучу.

Анын пикири боюнча, Бишкек мурда эле Москвага кооптуу абал жөнүндө сигнал берген. Бирок, Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, республикада болуп жаткан көрүнүш – анын ички иштери деп ачык эле билдирди.

-Менин оюмча, азыр Москванын позициясы өзгөрдү. Алар Борбордук Азияны колдон чыгарып жибере турганын түшүнүп турушат, ошондуктан тез арада бул жолугушууну уюштуруп, колдо болгон маалыматтар менен өз ара пикир алышмакчы, - деди Марс Сариев.

Ошол эле убакта көпчүлүк болжолдогондой, форс-мажор Бишкекте эмес, 28-29-июнда Япониядагы "Чоң жыйырманын" саммитинде болгон.

-Ал жакта бир нерсе болуп, кандайдыр-бир чечимдер кабыл алынган, анын кесепеттерин азыр биз баардык региондордо байкоодобуз. Кандайдыр-бир процесстер башталып жана аны көзмөлгө алууга аракет кылышууда. Андан тышкары, чек аралардагы абал тынчсыздандырууда. Талибандар аймактардын көбүн басып ала башташты, бийликтегилер көзөмөлдү жоготушуп жана бул Борбордук Азиянын жана Кавказдын коопсуздугуна чоң коркунуч туудурууда, - деп сөзүн жыйынтыктады Марс Сариев.

Белгилей кетсек, жолугушуу бүгүн Москвада өтөт. Кече күнү президент Сооронбай Жээнбеков пландаштырылган иш сапар боюнча Швейцарияда болду. Бишкекке кайта турган жолдо, кыска жумуш сапары менен Кремлге барат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД